Киров суу сактагычына чөгүп кеткен адам изделүүдө

  • 10 месяцев мурун

Киров суу сактагычына чөгүп кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 25-июлда издөө иштерин улантуу максатында Талас облусунун башкармалыгынан ыкчам топ, Талас шаардык №17 ӨКБдан 4 суучул, Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпысынан 10 куткаруучу чыкты.

Эске салсак, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы Киров суу сактагычына 1 адам сууга чөгүп кеткендиги жөнүндө Айтматов райондук ӨК бөлүмүнө ИИБ кызматкерлери билдиришкен.

Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты