Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин жарыялады. Кандай учурда коронавирусту жеңүүгө болот? (Фактчекинг)

Пхеньянда өткөн эпидемияга каршы чаралар боюнча улуттук жыйында Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу Йонхап маалымат агенттиги Кореянын борбордук маалымат агенттигине (KCNA) таянуу менен жазып чыкты. Анда ал Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин салтанаттуу түрдө жарыялаганы айтылат.  Ким COVID-19дун өлкөгө кайра кирүүсүн алдын алуу үчүн чек ара аймактарында мындан ары да катаал чараларды көрүү зарылдыгын баса белгилеген.

Дүйнөдө канча адамдан коронавирус аныкталган?

Пандемия башталгандан бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө 592 миллион 568 миң 592 адамдан коронавирус аныкталды. Илдеттен 6 миллион 446 миң 496 бейтап каза болду. Ал эми илдетке чалдыккандардын саны 20 миллиондон ашкан өлкөлөрдүн катарына  АКШ, Индия, Бразилия, Германия, Улуу Британия, Италия, Түштүк Корея кирет.

Бул көрсөткүч index.minfin.com сайтында күн сайын жаңыланып турат.

Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин жарыялады. Кандай учурда коронавирусту жеңүүгө болот? (Фактчекинг)

Коронавирусту жеңгенин жарыялаган Түндүк Кореядагы абал кандай?

Жогоруда аталган сайттын көрсөткүчү боюнча, Түндүк Кореяда 4 миллион 772 миң 813 адам коронавирус жуктуруп алган. Андан 74 адам каза болгон. Ал эми бүгүнкү күнү ооруп жаткандар бул сайтта дагы көрсөтүлгөн эмес.

Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин жарыялады. Кандай учурда коронавирусту жеңүүгө болот? (Фактчекинг)

Түндүк Корея 2022-жылдын май айында коронавирус катталганын тааныган. Ага чейин өлкөдө расмий түрдө илдет аныкталган эмес. Дүйнөдөгү эксперттер бийлик коронавирус катталганын жашырып жатышканын айтып келишкен. Ал тургай эл аралык уюмдар вакцинадан жардам берели дегенде Түндүк Корея баш тарткан. index.minfin.com. сайтында кайсы өлкөдө канча адам вакцина алганы көрсөтүлгөн. Анда Түндүк Корея тууралуу маалымат жок.

Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин жарыялады. Кандай учурда коронавирусту жеңүүгө болот? (Фактчекинг)

Коронавирустук пандемия качан токтошу мүмкүн?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус 2022-жыл коронавирустук пандемиянын акыркы жылы болушу мүмкүн экенин айткан. Ал пандемияны токтотуу үчүн 2022-жылдын ортосуна чейин бардык өлкөлөрдүн калкынын 70 пайызын эмдөө боюнча глобалдык максатка жетүү үчүн бардык мамлекеттер биргелешип иштеши керек деп билдирген. 9-августка карата дүйнө жүзү боюнча 70ге жакын өлкөдө калктын 70%дан көбү эмдөөдөн өткөн.

Эксперттер Түндүк Корея коронавирусту жеңгенинен күмөн санап жатышат

Өткөн аптада Түндүк Кореянын бийлиги коронавирустун биринчи очогу аныкталгандан бери COVID-19 илдетин жуктурган бардык тургундар айыгып кеткенин жарыялаган. Аталган өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги бүткүл өлкө боюнча дарыланган бардык бейтаптар айыкканын жазган.

Сеулдагы Ханьян университетинин медициналык борборунун профессору Шин Ён-Джон “Рейтер” агенттигине Түндүк Кореяда коронавирустан 50 миңге чейин адам каза болушу мүмкүн экенин айтты.

Корея Республикасынын Бириктирүү министрлигинин (Түштүк Кореянын өкмөтүнө караштуу мекеме) башчысы Квон Ён Се да Түндүк Кореянын медициналык маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнөн күмөн санады.

Жыйынтык: Түндүк Корея коронавирусту жеңгени тууралуу маалыматтын аныктыгын текшерүү мүмкүн эмес. Себеби, бул өлкөдөгү абал боюнча маалыматтар ачык жарыяланбайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө калктын 70%ы эмдөөдөн өткөндө жамааттык иммунитет пайда болорун билдирген. Ал эми Түндүк Кореяда калк эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалымат жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты