Кикбоксинг боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 3 коло медаль тагынды

  • 8 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Албуфейра шаарында (Португалия) өткөн Дүйнө чемпионатында 3 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Фулл-контакт боюнча 91 килограммга чейинки салмакта Куан Абдыраимов, лоу-кик боюнча 91 килограммга чейинки салмак категориясында Нурлан Токтобакиев жана кик-лайт түрү боюнча 63 килограммга чейинки салмакта Мирбек Сүйүнбаев коло медалга ээ болушту. Мелдеш 17-25-ноябрь күндөрү өтүп, 70 өлкөдөн келген 573 спортчу катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты