Кийинки аптада Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

  • 2 года мурун

24-28 октябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт.

Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты