КИА компаниясы автоунаа белекке берет деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)
- 1 неделя мурун
- Фактчекинг
Фейсбукта KIA’Dealer аттуу баракча автоунаа белек кылууну убадалаган маалыматтарды бөлүшүп келет. Анда аталган баракчага “Рахмат!” деп жазгандарга үч жаңы KIA унаасын белекке берилери жазылган. Бул 2024-жылдын 15-ноябрында аяктары белгиленген. Ошону менен катар эле, конкурска катышуунун эрежелери жазылган. Баракчага лайк басып, жазылуу, бул постту Фейсбуктага 5-10 группага же досторго бөлүшүү талап кылынат.
“ПолитКлиника” медиасы бул баракчаны текшерип чыкты.
KIA’Dealer баракчасы тууралуу
Бул баракчанын жалпы миңден ашык катталуучусу бар. Жалпы эки пост бөлүшүлгөн. Экөөсү тең бирдей мазмунда байге ойнотуу боюнча жазылган. Аталган баракча алгач байге ойнотуу 4-ноябрга чейин болорун көрсөткөн. Андан кийин 15-ноябрга чейин деп бөлүшкөн. Посттун алдына буга ишенбөөгө чакырып жазгандар дагы бар.
KIA автоунаасы белекке берилип жатат деген калп маалымат
KIA компаниясынын Бишкектеги kia-bishkek.kg деген расмий сайтында мындай маалыматтар жазылган эмес. Сайтта көрсөтүлгөн Фейсбук баракчасында дагы эч кандай байге ойнотуу боюнча посттор жок. Ошондой эле KIA’нын Фейсбуктагы верификациядан өткөн баракчасында дагы мындай билдирүүлөр жок.
Буга ишенбөөгө чакырган жарандар болсо дагы бул постту бөлүшкөндөрдүн саны 6 миңден ашык адам бөлүшүп, комментарий калтырышкан.
Эске салсак, буга чейин дагы Фейсбукта Hyundai Kirgistan баракчасы 9 унаа белек кылына турганын жарыяланган. “ПолитКлиника” бул маалыматты текшерип, Hyundai компаниясы эч кандай сынактарды өткөрбөгөнүн аныктаган.
Жыйынтык: Фейсбукта KIA’Dealer аттуу баракча «РАХМАТ» деп жазгандарга 3 жаңы KIA унаасын белек кылууну чечтик” деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз.