Hyundai компаниясы 9 унааны белекке берип жатабы? Текшеребиз

Фейсбукта Hyundai Kirgistan баракчасы 9 унаа белек кылына турганын жарыялады. Анда бир канча шарттар жазылып, шилтеме көрсөтүлгөн.

Hyundai компаниясы 9 унааны белекке берип жатабы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул баракчадагы маалыматты текшерип көрдү.

Hyundai Kirgistan баракчасында кандай талаптар жазылган?

Байге утуп алуу үчүн бул пост менен бөлүшүп, номер кутучасына добуш берүү керектиги жазылган. Ошону менен катар эле кечээ, 2-октябрда бир жаран унаа утуп алганын жарыялаган. 

Кечээ бизден автоунаа байгесинин ээсин куттуктайбыз. Бүгүн биздин компания Hyundai, биздин постту бөлүшүп, бактылуу номер кутучасына добуш бергендерге 9 унаа белек кылат. Болгону 9 кутуда биздин унаанын ачкычтары бар. Сиздин атыңыз биздин унаа жеңүүчүлөрүнүн тизмесинде экенине ынаныңыз. (Бүгүнкү байге унаасы жеңүүчүнүн дарегине 24 саатка жетпеген убакытта жеткирилет)!. Сиздин атыңыз бүгүн биздин автоунаа жеңүүчүлөрүнүн тизмесинде экенин унутпаңыз. Бул жерден катталыңыз https://cutt.ly/TV3Yo5 Анткени унаа байге аты ийгиликтүү катталгандан кийин жеңүүчүнүн дарегине түз жөнөтүлөт”, — деп жазылган билдирүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн шилтемени басканда төмөндөгүдөй жазуулар чыкты. 

“Куттуктайбыз, биз сизди Hyundaiдан 1 унаа утуп алуу үчүн расмий тандадык! Жеңүүчү катары атыңызды каттоо үчүн төмөнкү баскычты басыңыз. Ийгиликтүү каттоодон өткөндөн кийин, сиз Hyundaiдан 15 мүнөттүн ичинде алмаштыруучу унаа аласыз. Биз дароо дарегиңизге жөнөтөбүз. Бекер! Сатып алуу милдети жок. Сыйлыктарды алуу жана алуу үчүн түзмөгүңүзгө жана өлкөңүзгө жараша төмөнкү кадамдарды аткарыңыз. Эскертүүлөр. Байланышты жеңилдетүү үчүн, сиз электрондук почта дарегин/телефон номерин/жүктөөнү катташыңыз керек. болбосо келечекте мындай мүмкүнчүлүк болбойт, азыр катталыңыз. Убакыт бүткүчө!” — деп жазылган.

Hyundai компаниясы 9 унааны белекке берип жатабы? Текшеребиз
Hyundai компаниясы 9 унааны белекке берип жатабы? Текшеребиз
Hyundai компаниясы 9 унааны белекке берип жатабы? Текшеребиз

Бул шилтемеде эч кандай унаа ойнотулганы жазылган эмес.

Hyundai компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн расмий сайтында жогорудагы сынак тууралуу бир дагы маалымат жок. Сайтта “Hyundai центр Кыргызстан” деген Фейсбук баракчасы көрсөтүлгөн. Бул баракчада Hyundai Kirgistan август айында дагы фейк маалымат таратып жатканы боюнча эскерткен. Анда компания эч кандай сынактарды өткөрбөгөнүн жарыялашкан. Hyundai Kirgistan баракчасындагы маалымат фейк экенин белгилеген. 

“Hyundai брендинин Кыргызстандагы расмий жана жападан жалгыз өкүлү катары компания эч кандай сынактарды өткөрбөгөнүн жана көрсөтүлгөн шилтемеден өтүүнү сунуштабайбыз”, — деп билдирүү жасаган.

Hyundai компаниясы 9 унааны белекке берип жатабы? Текшеребиз

Жыйынтык: Hyundai компаниясы автоунаа ойнотуп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты