«Керемет Банктын» иши боюнча УКМКнын эки кызматкери кармалды

  • 2 года мурун

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

Маалыматка ылайык, кармалгандар – УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

Буга чейин “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты