Кемпир-Абадды коргоо комитети элге кайрылуу жасады

  • 2 года мурун

Абактагы Кемпир-Абадды коргоо комитети элге кайрылуу жасады.

«Тилекке каршы бийлик, укук коргоо органдарын пайдаланып, Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы болгон саясатчыларды, жарандык лидерлерди, журналисттерди камап, куугунтукка алып өз максаттарына жетишти.

Тарыхыбыз мурда эле көргөзгөндөй коркок, кошоматчы көпчүлүк депутаттар мыйзамдаштырып беришти. Депутат Адахан Мадумаров айткандай, депутаттарды добуш бергизүү үчүн, бийлик, укук коргоо органдарын дагы пайдаланды. Буга, ратификация маалында, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин депутаттарга басым жасап, коркутканы дагы далил.

Биз, түрмөдөгү Кемпир-Абадды коргоо комитети Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Бийликтин «компенсация», «ненадлежащее исполнение своих обязательств» деген эл аралык укуктагы түшүнүктөрдүн аныктамасын билбей эң кымбат, эң маанилүү жерибизди коңшу өлкөгө өткөрүп беришин кечирилгиз ката деп эсептейбиз.

Ичибизден сызып, эркиндигибизден ажырап, темир тордун ичинде жатсак дагы, келечекте Кемпир-Абадды алып калуунун дагы бир жолу бар экенин айткыбыз келет. Ал эл аралык сот.

Азыркы бийликтин авторитардык жана коррупцияланган экенин далилдеп эл аралык сотко кайрылабыз. Акыркы эки жылда, биздин бийлик мурдагы жылдардан бир топ коррупциялашкан жана авторитардык экенин бардык эл аралык иликтөөчү, кадыр барктуу уюмдар тастыкташты.

Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүүдө, биздин бийлик, авторитардык жана коррупциялык ыкмаларды пайдаланганын келечекте далилдейбиз.

Кемпир-Абадты коргоо комитети канчалык кыйын болбосун, Кемпир-Абад үчүн күрөштү бардык мыйзамдуу жолдор менен уланта беребиз», — деп айтылат кайрылууда.

Кемпир-Абадды коргоо комитети элге кайрылуу жасады #73268
Кемпир-Абадды коргоо комитети элге кайрылуу жасады #73268 (preview)

Абактагы Кемпир-Абадты коргоо комитети элге кайрылуу жасады.

Кемпир-Абадды коргоо комитети элге кайрылуу жасады #73267
Кемпир-Абадды коргоо комитети элге кайрылуу жасады #73267 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты