Кемпир-Абад: Камакка алынган айымдар ачкачылык жарыялашат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-декабрда Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашат. Бул тууралуу алар кайрылуу жасашты.

«Бизди ачкачылык акциясын баштоого түрткөн негизги себеп — саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар, негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык.

23-октябрдан бери биз куугунтуктоо максатында ашынган, оор кылмыш – массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айыптын негизинде абакта отурабыз. Сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине болгон укукту мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу тергөө органдары тарабынан кылмыштуу аракет катары таанылып, ошол эле учурда 23-октябрдан бери тергөө органдары айыпталуучуларга карата эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнү, кылмыш ишинини негизсиз экенин ачык эле тастыктап турат. Ага карабастан Биринчи Май райондук соту бизди камакта калтырууну 2023-жылдын 22-февралына чейин узартты.

Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү — террористик ыкмаларга таянган залимдик формасы орун алууда.

Ал эми бүгүнкү күндө биз, Кыргызстандын саясий туткун айымдары, жеке укуктарыбыз жана эркиндиктерибиз гана эмес, жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону гана көрүп жатабыз.

Ачкачылыктын мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана алардын мыйзамсыз буйруктарын унчукпай аткарган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу деп эсептейбиз», — деп айтылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты