Кемпир-Абад иши: Темир Махмудов абакта кыйноого кабылганын айтты

  • 6 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын бири Темир Махмудов тергөө абагында күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу Махмудовдун жактоочусу Асель Аргынбаева 24-январда “Азаттыкка” билдирди.

Жактоочунун сөзүнө ылайык, Махмудов аны конвойлор камерасына кирип, орой сөздөрдү айтып, коркутканын айтып берген. Аргынбаева бул окуядан кийин тергөө абагынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, маселе жөнгө салынганын, бирок мындай көрүнүш кийин да кайталанганын билдирди.

“Махмудовдун айтышынча, 22-январдын кечинде абакта тыюу салынган заттарды издөө үчүн камераны текшерген маалда да психологиялык басым көрсөтүшкөн. Мен азыр бул окуя боюнча Махмудовдун айткандарын гана билем, муну тергөө абагынын жетекчилигинен да тактайм”, — деди жактоочу.

Махмудовдун билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү жүрө турганын Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле абактарда көзөмөл камералары орнотулганы себептүү ал жерлерде кыйноо болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты