Кемпир-Абад иши: Соттук отурум 4-октябрга жылды

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтө турган соттук отурум 4-октябрга жылдырылды. Буга Кемпир-Абад иши боюнча суралып жаткан Азимбек Бекназаровдун анын ишин коргоп жаткан адвокатынан баш тартканы себеп болгон.

Бул тууралуу аталган иш боюнча суралып жаткан Равшан Жээнбеков «Политклиниканын» кабарчысына билдирди.

Равшан Жээнбековдун айтымында, Азимбек Бекназаров адвокатынан анын 15 күндөн бери Кемпир-Абад маселеси боюнча сүйлөшүүгө келбей жатканынан улам баш тарткан. Мындан улам сот кийинкиге жылдырылып, Азимбек Бекназаровго башка мамлекеттик адвокат берилери белгилүү болду.

Эске салсак, 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Сүрөт: Бектур Оргубаев /«ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты