Кемпир-Абад иши: соттук отурум 1-ноябрга жылды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтө турган соттук отурум 1-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу «Политклиника» медиасынын кабарчысы маалымдады.
Соттук отурум Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Марат Баязовдун жактоочусу келбей калганына байланыштуу жылдырылган.
Эске салсак, 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.
Сүрөт: интернет булактары