Кемпир-Абад иши: Сот процесси 25-октябрга жылдырылды

  • 4 часа мурун

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтө турган соттук отурум 25-октябрга жылдырылды. Соттук отурум кемпир-абадчылардын жактоочулары келбегенине байланыштуу жылган.

Бул тууралуу сотко катышкан «Политклиниканын» кабарчысы Бектур Оргубаев билдирди.

Эске салсак, 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты