Кемпир-Абад иши: шаардык сот дагы алты кишини камакта калтырды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын дагы алтоону камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.

Шаардык сот бүгүн, 27-декабрда аталган иш боюнча кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, саясатчы Жеңиш Молдакматовдун, жарандык активисттер Перизат Суранованын, Али Шабдандын жана Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын карап, аларды үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн четке какты. Биринчи Май райондук сотунун абак мөөнөтүн февралдын экинчи жарымына чейин узартуу чечими күчүндө калтырды.

Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

26-декабрда ушул эле сотто Кемпир-Абад иши боюнча кармалган тогуз кишинин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Алар: Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты