Кемпир-Абад иши: Рита Карасартованын абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Кечээ, 16-февралда аталган иш боюнча кармалган Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро уулу 20-апрелге чейин абакта калтырылган.

Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Ден соолугуна байланыштуу Талантбек Эшалиевдин үй камагы эки айга узартылды.

15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты