Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова үй камагына чыкты
- 2 года мурун
Активист Перизат Суранова үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынна билдиришти.
Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылуусуз калтырылды.
Сурановага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына 20-апрелге чейин өзгөртүлдү жана ал сот залынан токтоосуз камактан бошотулду.
Муну бөлүшүү