Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкуловага Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн жаңы айып коюлду

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иши боюнча массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды.

Бул тууралуу Клара Сооронкулованын Фейсбуктагы баракчасында кабарланды.

Андагы маалыматка ылайык, Сооронкуловага карата жаңы айып активист Мирлан Ураимовдун Фейсбуктагы постун бөлүшкөнү үчүн тагылган.

«Билдирүү Ураимовду коргоо үчүн уюштурулган #камасаңар баарыбызды камагыла флешмобунун алкагында жазылган. Пост мындан дээрлик бир жыл мурун жарыяланган. Ал убакта УКМК экспертиза дайындап, бирок иш козгогон эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Клара Сооронкулова өткөн жылдын 23-октябрында Бишкекте жапырт камоолор учурунда кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

18-январда Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын ишине “жашыруун” макамы берилгени маалым болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты