«Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандардын жакындары резолюция кабыл алышты

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтары уюштурган «Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анын катышуучулары бийликке бир нече талап койду.

— Сот реформасын жүргүзүп, соттордун толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу;

— “Азаттык”, Kaktus.media, “ПолитКлиника” жана бардык эркин медиага басым токтолсун;

— Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темировдун кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү;

— “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта жаткандарды бошотуп, толук актоо;

— Өкмөт ишкерлерге кысымды токтотуп, аткезчилик, коррупция менен күрөшсүн.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты