Кемпир-Абад иши боюнча камактагылар «ПолитКлиниканын» иликтөөсү тууралуу президентке кайрылышты

  • 11 месяцев мурун
Кемпир-Абад иши боюнча камактагылар «ПолитКлиниканын» иликтөөсү тууралуу президентке кайрылышты

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар «ПолитКлиниканын» иликтөөсү тууралуу президентке кайрылышты.

«Урматтуу президент, “ПолитКлиника” медиасынын 24-августта жарыяланган иликтөөсүнөн кийин, кайрадан сизге Конституциясынын кепили катары кайрылууга туура келди. Себеби мамлекеттин башчысы катары 3 жылга жакын мезгил ичинде сиз “Азыр коррупцияга аралашса баары камалат. Иниме дагы карабайм” деп айткансыз. Ширшовду 2022-жылдын февраль айында камактан бошотконуңузда “Ширшовго кылмыш иш жок экен, Максим Бакиевдин 200 млн алып келет. «Аврора-плюстан» убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн үйлөрүн таап берди. Көрсө жагдай башка турбайбы?! “Политклиника” медиасынын журналисттерине рахмат. Урматтуу президент, “Хандын сөзү өлгөнчө, өзү өлгөнү артык” деген сөз бар. 2010-жылы убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылган «Аврора плюс», «Идеал-Хаус», «Каприз», көл жээгиндеги гольф клубуна бөлүнгөн жерлер жана башкалар кылмыштуу-коррупциялык махинацияларда уулуңуз Рустам Жапаров, Акаевдин заманынан бери президенттердин “үй-бүлөсүнүн досу” болуп келишкен А.Ширшов, А.Конев, досуңуз Бурханов, анын кайын эжеси Гулбара Бокушева, чөнтөгүндө бир тыйыны жок уулуңуздун досу, башкы “инвестор” Элдос Усенбековдор жүрүшкөнү кандай болуп кетти! Сиздин досуңуз – “башкы кустургуч” К.Ташиев буларды эмне үчүн кармап “кустурса” болбойт? К.Ташиевдин А.Ширшовго эмне үчүн күчү жетпейт десе, маселе сизде турбайбы?!

Урматтуу президент, Кыргызстанга эмне үчүн инвесторлор келбейт десе, Элдоско окшогон “чоң инвесторлор” өзүңүздүн айланаңызда турбайбы?! “ПолитКлиника” медиасы жарыялаган фактылар боюнча кылмыш ишин козготуп, тезинен коомчулукка кезектеги түшүндүрүү менен чыгууну талап кылабыз», — деп жазылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты