Кемпир-Абад иши: Азимбек Бекназаров ден соолугуна байланыштуу сот процессине катыша албайт

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 14-августта Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралат.

Адвокат Нурбек Токтакунов айыпталгандардын бири, Азимбек Бекназаров ооруп калып, медициналык кароодон өтүп жатканын билдирди. Буга байланыштуу Бекназаров сот процессине катыша албайт. Учурда процессти анын катышуусуз өткөрүп-өткөрбөө жөнүндө талаш-талкуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Учурда кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты