Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 14-августта Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралды. Сот процессинин жыйынтыгында, айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Учурда кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапыбашаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты