Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар экспертизанын жыйынтыгы менен кантип таанышууда?

  • 1 год мурун

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов Кемпир-Абад иши боюнча аудиожазуулардын соттук-лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышканы анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда тергөө иштери СИЗО-1 имаратынын ичинде өткөнү жазылган. «Бул атайын жактоочулардын ишин оорлотуу максатында жасалганын белгилейм. Жактоочуларга тергөө ишине ручка жана барак менен гана кирүүгө уруксат берилди. Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мөчөлөрүнүн, саясатчы жана активистердин кофейнядагы сүйлөшүүлөрүнүн 006935 номерлүү соттук-лингвистикалык экспертизасынын чечими төмөндөгүдөй:

— Экспертизага берилген тексттерде массалык башаламандык уюштуруучу белгилер камтылган эмес;

— Экспертизага берилген материалдарда бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүүгө, жана ошондой эле жарандарды расалык, этникалык, улуттук, диний белгилерине жараша өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын белгилеген, басынтууну пропагандалуучу сөздөр, айтымдар, сүйлүмдөр камтылган эмес;

Бизге коюлган кине боюнча кылмыштын курамы болгон эмес жана жок. Жалаа менен козголгон кылмыш иши, соттун чечими жок үйлөрдө жүргүзүлгөн тинтүү иштери мыйзамсыз», — деп жазылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты