«Кемпир-Абад иши»: Айыпталуучулар Бектур Асанов дарыланууга муктаж экенин билдиришти

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Анда аталган иш боюнча айыпталып жаткандар ошол эле ишке байланыштуу абакта отурган оппозициячыл саясатчы Бектур Асановду дарылануу үчүн үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришти.

Айыпталуучу Гүлнара Жураева Фейсбук баракчасында жарыялаган видеодо дагы бир шектүү Айданбек Акматов судья өтүнүчтү канааттандырбаганын айтты.

“Бектур Асанов 20 күндөн бери оор абалда жатат. Ага карабай сотко алып келишти. Биз судьяга аны чыгарып койгула деп өтүнүч киргиздик. Бирок аны канааттандырган жок. Бул жерде кыйноо болуп жатат”, — деди Акматов.

Буга чейин Кемпир-Абадды коргоо комитети “абакта Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген. Ушундан улам саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты