Кемпир-Абад: абактагы активист жана саясатчылардын жакындары президентке кайрылды

  • 2 года мурун

Кемпир-Абад ишине байланыштуу «массалык башаламандык уюштурууга» шектелип кармалгандардын жакындары Бишкектеги Панфилов паркына чогулду. Алар президенттен жакындарын үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

«Үй камагына чыгарсын! Ички иштер министрлиги, соттор мыйзамды тебелеп жатса, анда кимге барабыз? Албетте президентке — Баш мыйзамдын гарантына!», — деп жазды камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын “төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон” деп эсептерин айткан.

“Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен”, – деди президент.

Ал абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу чакырыгына да оюн билдирип, кайрылгандар “мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу” деген.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына 19-декабрда алты күн болду. Акыйкатчы баштаган айрым укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты