Кеминдин тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Кемин районунун тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ДЭУ тарабынан мүчөлөрүн жана тарапкерлерин мыйзамсыз жолдон кайтаруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды өткөрүлдү.

Натыйжада, Чүй облусунун Кемин районунун тургуну К.И. «Йакын Инкар» ДЭУнун катарынан чыккандыгын билдирип, башка жарандарды да бул сыяктуу уюмдарга кошулбоого чакырды.

К.И. 2010-жылы эмиссарлар тарабынан «Йакын Инкар» ДЭУнун катарына кабыл алынып, тыюу салынган экстремисттик агымдардын идеологиясын пропагандалоо жана жайылтуу менен активдүү алектенген.

УКМК мыйзамсыз экстремисттик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты