Кеминде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды
- 2 года мурун
Кеминде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кемин шаарында каналга 1994-жылы туулган Б.А. аттуу аял киши секирип өз өмүрүн кыйууга аракет кылган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар тарабынан жогоруда аталган жаранды каналдын жээгинен түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлери менен биргеликте ооруканага шок абалында жеткирилди.
Муну бөлүшүү