Кеминде мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды

  • 11 месяцев мурун

Кеминде аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Кемин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана аңчы адиси НАБУнун (Германиянын жаратылышты коргоо союзу) Барс тобунун кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок айылынын Долон-Оту коктусунан К.А. аттуу жаранды кармашкан.

Анын убактылуу жашап жаткан жайынан уруксат документтери жок жапайы тоо текенин эти жана ИЖ-12 үлгүсүндөгү бир стволдуу мылтык табылган. Аталган жаранга карата тиешелүү акт жана протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык айып салынды.

Жаратылыш министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы Кемин районунун аймагында 2018-жылдан бери айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынганын белгилейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты