Кеминде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

  • 3 дня мурун

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан баасы 119 млн 937 миң сомду түзгөн жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул жерде мурда мал союу жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштар жайгашкан. Аталган объектти 1995-жылы кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келишкен. Кайсы кызмат адамдары экендиги тууралуу маалымат берилген жок.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты