Кеминде эки мамлекеттик кызматкер жана ишкана жетекчиси бюджеттен акча урдоого шектелүүдө
- 2 года мурун
Чүй облусунун Кемин районунда эки жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкери жана ишкана жетекчиси бюджеттен 6,3 млн сом уурдоого шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кемин райондук милициясы Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы, мурда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген А.Т.А.ны, техникалык көзөмөл боюнча адис А.Б.Б.ны, ошондой эле «А.» ЖЧКсынын жетекчиси К.Н.К.ны кармаган.
Чүй областынын Кемин районунун прокуратурасы тарабынан аларга карата Кызыл-Октябрь айылында спорт комплексин курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 6,3 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда аталган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалганы, ошондой эле тергөө иштери жүрүп, бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо чаралары көрүлүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы




