Кеминде бир адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

  • 2 месяца мурун

Чүйдүн Кемин районундагы Кароол-Дөбө айылынын тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборуна таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруга шектүү ооруканага 15-майда жаткырылган.

«Ветеринардык кызматтын жана Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери менен биргеликте жогоруда аталган айылга барып, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган (эт, топурак). Азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат«, — деп айтылат маалыматта.

Министрлик билдиргендей, союлган мал күйдүргү оорусуна каршы эмдөөдөн өткөн жана Кемин районунда күйдүргү жарасы боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттө 162%га аткарылган.

Ошондой эле маалыматта Кароол Дөбө айыл аймагы күйдүргү жарасынан таза экени, мурда ылаңдын очогу катталбаганы белгиленген.

Бүгүнкү күндө жеринде ооруга каршы ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө, күйдүргү жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок.

Министрлик учурда күйдүргү жарасына каршы пландуу эмдөө үчүн Ветеринардык кызматтын резервинде 846 мин 489 доза вакцина бар экенин билдирди.

Сүрөт иллюстративдик, интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты