Кемин шаарында унааларга орнотулган мульти-диагностикалык мобилдүү клиника ачылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусунун Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдүү клиника ачылды. Анын ачылышына Президент Садыр Жапаров катышты.

Жүк ташуучу унааларга орнотулуп, 8 бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган.

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат өңдүү заманбап медициналык жабдуулары менен бөлүм бар. Биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лаборатордук жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар.

Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап, алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, жергиликтүү тургундарды кароо, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарын акысыз көрсөтүшөт.

Мобилдүү медициналык клиникаларды даярдоо жана алып келүү боюнча долбоорду ишке ашырган Ислам өнүктүрүү фонду менен «Фаель Хаир» кайрымдуулук фонду. Ошондой эле логистика чыгымдарын, күйүүчү май, окутуу, медициналык жана техникалык персоналдын тамак ашы менен эмгек акысын, дарыларды жана башкаларды каржылап берет.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты