Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-майда Кемин РИИБине 1989-жылы туулган К.С. арыз менен кайрылган. Өз арызында, 2022-жылдын 7-майында  короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү айткан.

Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Чүй облусунун Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты