Кемин районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Кемин районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

19-июнь күнү Кемин районунун ИИБүнө жергиликтүү жашоочусу кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калагадыгын билдирген.

Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке Кемин РИИБдүн кызматкерлери чыгышкан. Милиция кызматкерлери барган учурда үйдө 1992 жылы туулган Б.С., жансыз денеси табылып, кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.
Бул факты Кемин РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки  өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип аталаш бир тууган агасы 1979-жылы туулаган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармочу жайыга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты