Кемин районунда чиркөөнүн жана үйдүн терезе айнектерин сындырган бейбаш кармалды  

24-июль күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин шаарынын тургуну, 1963-жылы туулган П.Л. аттуу жаран Панфилов көчөсүндө жайгашкан чиркөөнүн терезелерин сындырып, качып кеткен белгисиз кишилерге чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.  

Маалыматта бул факт Кемин РИИБдө катталып, кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде,  бейбаштык боюнча каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөгө чейинки текшерүү иштер башталганы айтылат.

Мындан тышкары ушул сыяктуу арыздар менен дагы үч тургун кайрылып, алардын арыздары райондук ИИБде катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан шектүү аныкталган. Ал 1977-жылы туулган И.Р. аттуу жаран болуп чыкты, ал Кемин райондук ИИБ тергөө кызматына тергөө иштерин жүргүзүү жана анын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн жеткирилген. Тергөө уланууда.

Сүрөт: Чүй облустук ИИБ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты