Кемин районунда 353,3 га жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өндүрүштүк жерлерди аныктап, мамлекеттин балансына,  мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине кайтарды.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей,  ЖКнын мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп алгандыгы аныкталган.

353, 3 гектар ал жер Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Нурланбек Кадыкеевич Макеевге таандык болгону айтылууда, ал 2018-жылы каза болуп калган, анын жесири мамлекетке өткөрүп берүүгө макул болгон.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты