Келиндин сөөгү сандыктын ичинен табылган. Өзгөндө аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 2 года мурун

14-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунда жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

«Азаттык» медиасы билдиргендей, 1-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында төрт балалуу келиндин сөөгү өзүнүн үйүндөгү сандыктан табылган.

36 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип аны менен сегиз айдан бери жарандык никеде жашап жүргөн 49 жаштагы адам кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү мурда Казакстанда соттолгон.

Иллюстрация: Алина Печенкина

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты