Келерки жылдан тарта товар жүгүртүү менен алектенген ишкерлер ЭТТК колдонууга милдеттендирилет

  • 2 года мурун

2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууга милдеттендирилет.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, «ЭТТК» системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат.

«ЭТТК» маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

Азыркы учурда салык органдары жеринде ЭТТК колдонуу боюнча субъекттерди окутуу жана консультация берүү боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-майынан тартып мунай жана мунай заттарды, товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр ЭТТК колдонушууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты