Келерки окуу жылынан тарта мектептерде диндердин тарыхы окутула баштайт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мааламыт 8-июнда мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Аталган жарлыкка ылайык, жаңы окуу жылынан баштап өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы базистик окуу планына киргизилет.

Бул предметтен сабак берген мугалимдер диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок болуусу шарт. Ошондой эле жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Кадрлар жетишпеген учурларда тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн тарых мугалимдери жана педагогдор окутса болот. Мугалимдерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги текшерүү иштерин жүргүзгөн соң окутууга уруксат берилет.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.

9-класстар үчүн эки чейрекке ылайыкташкан программага бардык диндердин тарыхы камтылып, дин аралык ымаланы бекемдөө максатын көздөгөн.
«Дин маданиятынын тарыхы» китеп басылып чыгарылып, техникалык жана стилистикалык каталардан улам эки ирет бюджеттин эсебинен оңдолуп басылган. Теологдор жана педагогдор бир канча ирет текшеришкен. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты