“Кечээ билдим”, “3 жыл мурун алган”. Жакындары жеңилдетилген насыя алган чиновниктердин жооптору

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева 6 пайыздык насыяны чиновниктердин ишканалары алып жаткандыгы туурасында өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялаган. Мындан улам “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери тизмеде аты жазылган компаниялар кимдерге катталган, кайсы саясий чиновниктер менен байланышы бар экендигин иликтеп көргөн.

Аты аталган чиновниктерге “Жеңилдетилген насыя алууда сиздин кызматтык абалыңыздын таасири тийген жокпу?” деген суроого жооп алуу үчүн байланышып көрдүк.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов атасына таандык болгон “Кара-Су-Дан-Азык” ААКы насыя алганын кечээ укканын айтты.

“Өзүм бул тууралуу маалыматты, чынын айтканда, кечээ күнү социалдык тармактардан окудум. Негизи өндүрүштү колдош керек. Социалдык тармактарда башкача нукта жазып коюшуптур. Мен бирөөгө барып, насыя алуу боюнча суранган эмесмин. Насыя алып жатканын деле билген эмесмин”, — деди Азамат Исираилов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев ага тиешелүү компания жылына насыя алып, иш жүргүзө турганын билдирди.

“Агро өнөр жайларды өнүктүрүү боюнча атайын программалык насыяны министрлер кабинети Айыл чарба министрлигине тапшырган. Буга 10 миллиард сом бөлүнгөн. 5 миллиард сом дыйкандарга, 1 миллиард сом лизингге, 4 миллиард сом кластердик өндүрүш ишканаларга деп бөлүнгөн. Ошол Айыл чарба министрлиги 9 кластерге бөлүп агро ишканаларды чогултуп, тизме түзүп өндүрүш фирмаларга насыя берип, экспортко чыгууну сунуш кылышкан. Мага тиешелүү деген ишкананын 15 жылдык тарыхы бар, бир нече жумуш орду менен камсыз кылып, продукцияларды экспортко чыгарат, салык төлөйт. Компанияны өздөрү чакырып тизмеге киргизишкен. Компания жылына насыя алып иштейт. 73 компаниянын арасына кирген. Акчаны максаттуу пайдалануу керек. Жогорку Кеңеште бул маселени өзүм көтөрүп, бул класстерге бал, төө бурчак кирбей калыптыр деп айткам. Менин кызыкчылыгым болсо унчукпай отурмакмын. Экспортко чыгарган гана компаниялар алышы керек деп айткам”, — деди депутат Токтошев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Саматбек Ибраев карындашы “Ала-Тоо сүт айыл чарба кооперативи” коммерциялык кооперативинин негиздөөчүсү Жазгүл Ибраева насыяны 3 жыл мурун алганын белгиледи.

“Алардын насыя алганына 3 жыл болуп калды го дейм. Менин эч кандай таасирим жок. Өздөрү бизнес кылып жатышат. Насыяны пандемияда каза болгон күйөө балам алган. Алар айыл чарба тармагында иштешсе алышат да. Кантип албай койсун? Айыл чарбаны өнүктүрүп, канча адамдарды багып жатышат. Дагы аз көлөмдөгү насыя берип коюшту. Берилген насыянын көлөмү аздык кылып кыйналып жатышат. Айыл чарбасында иштегендерге медаль берип, бюст коюш керек. Бул кооператив да, ал жакта жөнөкөй миңдеген кишилер бар. Эл менен чогуу иш кылып жатышат. Жөн эле саясат кыла бербей, туура маалыматтарды беришсе болмок”, — деди экс-депутат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев “Томат КейДжи” дыйкан үрѳнчүлүк чарбасын баласы жетектей турганын белгиледи.

“Чарбачылык балама тийиштүү, өзү иштетип жатат. Ал дыйканчылык менен алектенет. Ошондуктан ал жеңилдетилген насыя алуу үчүн кайрылган. Талаптарга жооп берет. Барып анын чарбачылыгы менен таанышып кетсеңиздер болот. Анын жеңилдетилген насыя алышына менин кызматтык таасирим тийген жок”, — деп Саккараев сөзүн жыйынтыктады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ага мессенджер аркылуу сурообузду узатсак, суроону окуп туруп жооп берген жок. 

Депутат Эльдар Сулаймановго байланышууга мүмкүн болгон жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты