Кеңешме: Президенттин жолугушуулары чечимдер дайыма эле талаптагыдай аткарылбай жатканын көрсөттү
- 15 часов мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 23-ноябрда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме өттү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын жана жер-жерлердеги бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы боюнча отчет, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилеринин калк менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча маалыматы угулду.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, айрым райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталды.
Айрым жетекчилерге карата тартиптик чараларды көрүү, ал эми кээ бир акимдерди жана мэрлерди ээлеген кызматтарынан бошотуу президентке сунушталды.
Мамлекет башчы ушул жылдын жаз айларынан бери жети облустун тургундары менен өткөрүлгөн жолугушууларда жүргүзүлүп жаткан иштерге ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар жергиликтүү бийлик органдарынын, айрым мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын жана соттордун ишмердүүлүгүнө карата көптөгөн арыз-даттануулар айтылганын белгиледи.
Бул жолугушуулар жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган чечимдер жана чаралар жер-жерлерде дайыма эле талаптагыдай аткарылбай жатканын көрсөттү.
Жолугушууларда жалпысынан 1 672 жаран тарабынан 2 286 маселе козголгон. Мындан тышкары, 4 967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн, алар да белгиленген тартипте каралат.
Мамлекет башчы райондук жана облустук деңгээлде чечилүүгө тийиш болгон маселелер көп учурда тийиштүү көңүл буруусуз калып, жетекчилердин демилгесинин жана жоопкерчилигинин жетишсиздигинен улам аларды чечүү негизсиз создуктурулуп жатканын баса белгиледи.
Ал жетекчилерди кырдаалды өз алдынча иликтөөгө, берилген ыйгарым укуктарынын алкагында чечим кабыл алууга, калк менен үзгүлтүксүз жолугушуп турууга жана борбордук органдардын жетекчилигинин кийлигишүүсүн күтпөөгө чакырды.
Президент мисал катары жарандар зарыл документтерди айлап ала албай, негизсиз чечимдерге жана райондордо юридикалык жардамдын жоктугуна туш болгон учурларды, ошондой эле жер-жерлерде жооптуу жетекчилердин жоктугуна байланышкан жагдайларды келтирди.
Мамлекет башчы ишти пландаштырууга карата формалдуу мамиленин орун алышын, райондорду өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралардын жоктугун, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышын жана муниципалдык ишканалардын ишине көзөмөлдүн жетишсиздигин сынга алды.
Президент жер ресурстарын талаптагыдай пайдаланбоо учурларына да көңүл буруп, айрым аймактарда трансформацияланган жер тилкелери өздөштүрүлбөй, күтүлгөн экономикалык жана айыл чарба натыйжаларын бербей жатканын айтты.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган конкреттүү чаралар кабыл алынууга тийиш.
Сүрөт: president.kg




