КазТаг: Болат Назарбаев менен анын аялына кылмыш иши козголгону ырасталды

  • 2 года мурун

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен анын муркунку аялы Майра Курмангалиевага рейдерлик боюнча кылмыш иши козголгону ырасталды. Бул тууралуу прокуратурадан келген расмий жоопко таянуу менен КазТаг агенттиги кабарлады.

«17-июнда бул арыз боюнча Алматы шаарынын экономикалык тергөө департаменти Казакстандын Кылмыш Кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгүндө (Рейдерлик) каралган укук бузуу боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады», — деп жазылган прокуратуранын жообунда.

21-июнда Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги Karuan компаниясын рейдерлик басып алуу жөнүндө арыз түшкөнүн билдирген. Бизнесмен Нурша Какенов бул өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевди рейдерликке айыптаган.

Karuan компаниясы Маңгыстау облусунда марганец чыгарат.

Болат Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин иниси. Январь окуяларынан кийин Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү таасиринен ажырап, анын жакындары кызматтан кеткен же камалган. Айрым маалыматтарга караганда, Болат Назарбаев 6-январда кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен. Соңку мезгилде анын катуу ооруп жатканы жана мекенине кайтканы кабарланууда.

Быйыл апрелде Almaty Steklo заводунун кожоюндарынын бири рейдерлик баскынчылыктын курмандыгы болгонун жана ишканасынын жарым үлүшүн Болат Назарбаев тартып алганын айткан. Андан мурдараак Болат Назарбаевге байланышы бар майнинг компаниялар аныкталганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты