Казино боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлбөй жатат. Бул мыйзамдуубу? Текшеребиз

Казино боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлбөй жатат. Бул мыйзамдуубу? Текшеребиз

Бүгүн, 23-июнда, Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев казинону ачуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы берилбей жатканын айтты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлерден сурасам төрага уруксат бербей жатат деп билдиришти. Бул мыйзам чегинде тыюу салынганбы же төраганын буйругубу? Мурдатан бери добуш берүүнүн жыйынтыгын эркин алчубуз. Кечээги добуш берүүнүн жыйынтыгын бергиле. Мага керек болуп жатат”, — деди Масалиев.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев добуш берүүнүн жыйынтыгын өзү дагы көрө электигин айтты. Төрага уруксат берсе бериле турганын белгиледи. 

“ПолитКлиника” медиасы добуш берүүнүн жыйынтыктары кандай учурда көрсөтүлүп, кандай учурда көрсөтүлбөй турганын текшерип көрдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары кандай учурда жашыруун болот?

Депутат казино ачуу боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы берилбей жатканын айтты. 

Жогорку Кеңештин регламентинде добуш берүүнүн эки ыкмасы көрсөтүлгөн. Анын бири ачык добуш берүү болсо, экинчиси жабык добуш берүү. Ачык добуш берүү учурунда добуш берүүнүн натыйжасы көрсөтүлөт. Ал эми жабык добуш берүүдө жыйынтыкты козөмөлдөөгө болбойт. Казинону ачуу боюнча мыйзам долбоору ачык добуш берүүгө коюлган. Демек, добуш берүүнүн жыйынтыктары дагы ачык болушу керек. 

Казино боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлбөй жатат. Бул мыйзамдуубу? Текшеребиз

Жыйынтыктар 2 айдан бери жарыялана элек

Жогорку Кеңештин сайтында добуш берүүнүн жыйынтыктары деген бөлүм бар. Ал жакта добуш берүүнүн жыйынтыктары 27-апрелден бери жарыялана элек. 

Казино боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлбөй жатат. Бул мыйзамдуубу? Текшеребиз

Казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты

22-июнда, Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүдө өтпөй калып, танапис жарыяланган. Кайра добуш берүүдө мыйзам долбоорун 58 депутат колдоп, 9 депутат каршы болду.  Ал эми депутаттар Адахан Мадумаров, Айгүл Айдарова, Алишер Эрбаев, Эмил Токтошев жана Исхак Масалиев добуш берген жок. Адахан Мадумаров бул мыйзам долбоорун өткөрбөө үчүн атайын ушундай бөгөттөөчү кадамга барып жатышканын билдирди. Жогорку Кеңештин регламентинде каттоодон өтүп, бирок депутаттар добуш бербей койгон учурда абалдан чыгуу жолу каралбагандыктан талаш чыкты.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун кабыл алуу алешемдиктер менен коштолгонун айтып чыгышты.

Эске салсак, 2021-жылы ошол учурдагы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунушташкан. Талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алынган. Президент Садыр Жапаров бул мыйзам долбоорун колдоп, казинону ачууну сунуштаган.

Казинонун ачылышына каршы чыккан активисттер Жогорку Кеңештин алдында бир канча жолу акцияларды өткөрүп келишти.

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев казинону ачуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы берилбей жатканын билдирди. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жашыруун болбош керек. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты