«Кажыбас кайратыңыздардан жазбаңыздар!». Президент Майыптар күнүнө карата кайрылуу жолдоду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленүүдө.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет бүгүнкү күндө майыптыгы бар 200 миңге жакын адамдын жашоо-шартын сапаттык жактан өзгөртүү менен алектенип жатканы айтылат.

«Ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын коомго толук кандуу кошулуусу үчүн бир катар артыкчылыктар коштолгон жаңы милдеттерди ишке ашыруу багытында дагы ой-максаттар бар. Биз ар түрдүү социалдык төлөмдөр түрүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо саясатынын активдүү чараларына өтүү түшүнүгүн калыптандыруубуз жана өөрчүтүүбүз керек. Коомчулук болсо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөтүү эң алды менен адамдык асыл сапат экенин аң-сезими менен сезип-туя билиши абзел», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Мамлекет башчысы майыптуулугу бар адамдар билим алууга, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыз болууга, эс алууга, спортко жана жумушка орношууга муктаж экенин белгилеген.

«Кандай болгон күндө да мамлекет сиздерге таяныч болуп берерине ишеним менен караңыздар. Келечекке болгон умтулууңуздар арта берсин! Жашоодо эркиңиздер курчуп, кажыбас кайратыңыздардан жазбаңыздар!», — деп жыйынтыкталат президенттин кайрылуусу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты