Казакстандын президенти казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

  • 11 месяцев мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Токаев казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалдыөлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелердин духунда жөнгө салууну тапшырды. Ошону менен катар эле ал чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи.

24-августта Кыргызстандын чек ара кызматы саат 12:00гө карата маалымат бергендей, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны – 379, мунун ичинен “Чалдыбарда” – 73, “Кең-Булуңда” – 89, “Чоң-Капкада” – 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилеген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты