Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

  • 1 год мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Токаев 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышат.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов келгени маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты