Казакстандын батышында тез жардам кызматкерлери иш таштады

  • 2 года мурун

Маңгыстоо облусунун борбору менен башка райондорунда тез жардам кызматкерлери үч күндөн бери нааразылыкка чыгышууда.

Өткөн жуманын соңунда башталган  иш таштоого Мангыстау, Жаңы-Өзөн шаарлары менен Мунайлы, Бейнеу жана Түпкараган райондорунун тез жардам кызматкерлери катышууда. Алар маянага кошумча төлөм киргизүүнү, социалдык пакет менен камсыздоону талап кылышууда.

Жаңы-Өзөндөнү тез жардам кызматкерлери 10-сентябрда ишин токтотушкан. Айдоочу Мурат Белбаевдин билдиришинче, нөөмөткө бир гана автоунаа чыгып жатат.

— 50дөй киши нааразылыкка чыкты. Биз ишти токтоттук. Марттагы нааразылыктан кийин бизге 40 миң теңгеден (84 доллар) кошулары айтылган. Бирок августта бюджетте акча жоктугун айтышып, аны да беришкен жок. Биз социалдык төлмөдөрдү талап кылып жатабыз, — деди Белбаев.

Мурат Белбаев станцияда айдоочулар жетишсиз экенин, ашыкча жумуш үчүн айына 3000 теңге гана төлөнөрүн кошумчалады.

Актау шаарынын тез жардам кызматкерлеринин талабы деле ушундай.

— Абалы оор оорулуулар үчүн иште бир машине калды. Калгандар бул жакта, 80дей киши. Талаптар акчалай төлөмдөргө тиешелүү. Маяна эч нерсеге жетпейт. Фельдшерлердин да, айдоочулардын да жумушу оор. Rixos мейманканасы иштеп баштагандан бери кишилердин саны көбөйдү, туристтер келе баштады. Биз болсо 140-150 миң теңге алчу элек, азыр деле ошондой алып жатабыз. Кантип жашайбыз? —деди айдоочу Максат Жалгасбаев.

Маңгыстоо облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Аманбек Жумыров төлөмдөрдүн тартибин жумушчуларга түшүндүргөнүн, бирок алар кулак төшөбөй жатканын айтты.

— Баары төлөнүп берилип жатат. Бул 40 миңдин маянага тиешеси жок. Маяна да убагында берилип жатат. Кошумча төлөм үчүн ишти токтотууга негиз жок. Биз муну түшүндүрүп жатабыз. Социалдык пакет маселесин болсо кесиптик кошуун чечет. Жамааттык келишимдин негизинде биз профсоюзга төлөйбүз. Мыйзамда санаторийлерге жолдомо жана балдарга жардам берүү деген жок, эми баарын мамлекетке жүктөп коюу керекпи? — деди Жумыров.

Маңгыстоо облусунун тез жардам кызматкерлери төлөмдөр маселесин бир нече айдан бери көтөрүп келе жатышат. Августта алар орточо айлык акыны 350 миң теңгеге чейин жогорулатууну талап кылышкан. Ашыкча жумуш үчүн 40 миң кошумча төлөм сурашып, мартта ага иш берүүчү макул болгон. Январда Актау шаарынын тез жардам кыматкерлери маяналарын 23 пайызга көбөйтүүгө жетишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты