Казакстандык Акмарал Науатбек Паралимпиадада алтын тагынды

  • 1 неделя мурун

Парижде өтүп жаткан Паралимпиадада казакстандык атлет Акмарал Науатбек парадзюдо боюнча 48 килограмм салмакта жеңишке жетти.

Казакстандын өкүлү көрүүсү начар спортчулар күч сынашкан J2 категориясында күч сынашкан.

Чечүүчү беттеште анын атаандашы Сандрин Мартине (Франция) болду. Науатбек иппон менен жеңишке жетти.

Казакстандын куржунунда азыр төрт медаль бар. Париждеги Паралимпиадада казак курама командасына биринчи алтын медалды Давид Дегтярев (пара-пауэрлифтинг) алып берди. Еркин Габбасов (атуу) күмүш жана Дастан Мукашбеков (жеңил атлетика) коло байгеге ээ болушту.

Казакстан Париждеги Паралимпиадага 44 спортчудан турган делегациясын жөнөткөн. Париждеги мелдеш 28-августта башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты