Казакстандан Кыргызстанга тоок жумурткасын мыйзамсыз алып кирүүгө аракеттенишкен

  • 4 недели мурун

Ветеринардык кызматтын инспекторлору «Ак-Тилек» чек ара бекети аркылуу Казакстандан Кыргызстанга 626 миң даанадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз ташып өтүү фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, ушул жылдын 6-июнунда Министрлер кабинети тарабынан өлкө аймагына тоок жумурткасын импорттоого убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алынган.

«Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты