Казакстандан Кыргызстанга 45 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган топ кармалды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-июнда Казакстандан Кыргызстанга 45 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беш адамдан турган топ казак-кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, жүк ташуучу унаа менен 45 баш боло малды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын баасы 3,5 млн сомдон ашык.

Кармалгандар, бодо мал жана унаалар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты