Казакстандагы жер титирөө Ысык-Көл облусунда сезилди

  • 3 месяца мурун

Казакстандагы жер титирөө Ысык-Көл облусунда сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 10:12де, Казакстан Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында Кызыл-Жар айылынан түндүк чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан 80 чакырым түндүк чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Суу районунун, Жыргалаң, Кызыл-Жар, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Нововознесеновка, Боз-Учук, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 баллга чейин, Ак-Суу районунун Сары-Камыш, Теплоключенка, Чоң-Таш, Байзак, Түп районунун Токтоян, Кен-Суу, Качыбек, Отрадное, Тасма, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты